Темирболот АБЫКЕЕВ, Кочкор районун акими: “Мен шайлоодо эч кимге тартпай, калыс позицияны карманып иштейм”

Мезгил

Жаштайынан жетекчилик кызматтын “даамын татып” калган маектешибиз Теңир-Тоонун дарбазасы болгон касиеттүү Кара Кочкордун жүгүн тарта баштаганына жыл айлана элек. Кадимки калемгер кесиптешибиз Чолпонбек Абыкеевдин иниси катары район тургундарына белгилүү. Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Темирболот АБЫКЕЕВ менен азын-оолак маектештик. 

–Темирболот мырза, Кочкордогу коомдук, саясый абал кандай? Карантин райондогу социалдык абалга канчалык деңгээлде таасирин тийгизди?

–Кочкор районунда бүгүнкү күндө абал туруктуу. Бул жагына шүгүр келтирем. Карантин убагында өлкөдө же дүйнөдө болуп жаткан пандемия оорусу бизге деле кедергисин тийгизди. Күнүмдүк акча каражатын таап иштеген адамдар өтө эле кыйналып калышты. Биздин райондогу ар бир айыл өкмөт башчылары уюшкандыкта иш жүргүзүштү. Райондогу негизги күч Кочкор айыл өкмөтүндө болду. Анткени, аталган айыл өкмөт райондун борбору болгондуктан күнүмдүк тапкан акчалары токтоп, бул жагынан кыйла кыйынчылык жаралды. Бүгүнкү күнү абал турукташып, ордуна келди десек болот. Бирок, ооруну жугузуп албоо боюнча алгылыктуу иштер жүрүүдө.

–Кочкордон саясаттагы бир катар үлкөндөр чыккан эмеспи. Алардын баарысы алдыдагы парламенттик шайлоодо ар кимиси ар кайсы партиянын туусу астында чыгаары белгилүү. Район ичинен алардын эч кимисине жан тартпастан, калыс позицияны кармоого эркиңиз жетеби?

–Албетте, колдон келишинче калыс позицияда, мыйзамдын алкагында иш жүргүзөбүз да. Биз мамлекеттик кызматкер болгондон кийин калыс иштешибиз керек деп ойлойм. Бул жагынан камтама болбой эле койсоңор болот.

–Райондук билим берүү башкармалыгынын эсеп-кысап бөлүмү мугалимдердин май айына болгон төлөмдөрүн кыскарта чаап жатканы интернет айдыңын бир дуулдатты окшойт. Жетекчи катары кырдаалды көзөмөлдөй алдыңызбы? Же мамлекеттин казынасын үнөмдөө үчүн райондон мугалимдердин маянасын кесүү менен салым кошолу дедиңерби?

–Мен райондук билим берүү бөлүмүндөгүлөр менен сүйлөштүм. Азырынча баары жакшы деп маалымат беришти. Бул жааттагы маселелер дагы да такталат…

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *