Темирлан Султанбековдун тиши Асылбек Жээнбековго өтөбү?

Мезгил

Атамбаевди коштоп Кремлге чейин учуп барып келген тарапташы Темирлан Султанбеков Асылбек Жээнбековду ЖЭБ ишине айыптап, Башкы прокуратурага арыз менен кайрылды. Арызы да жөнөкөй арыз эмес экен. Асылбек Жээнбековду КР ККнын 316-беренеси “Шалаакылык” менен жана КР ККнын 304-беренеси “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” менен айыптап, керек болсо прокурорлордун жасай турган жумушун да “жеңилдетип” коюптур.

Темирлан Султанбеков муну менен эле жөн калбай, Асылбек Шарипович Жээнбеков төрага кезинде “КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөгү” мыйзамдын 55-беренесинин 6-10-пункттарын одоно бузган, сунушталган мыйзам долбоору 3 окуудан кийин кабыл алынып, ал аралыктар 10 жумушчу күндөн кем эмес, 30 жумушчу күндөн ашык эмек мөөнөттө каралышы керек. Буга кеминде 1,5 ай керектелет, ал эми мыйзам 1 күндө кабыл алынып кеткен деп жүйө келтирген. “Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо” документи 2013-жылдын 11-декабрында кабыл аынган.

Темирлан Султанбеков маселени кабыргасынан коюп, тергөөгө басым жасалбасын, депутаттардын добуш берүүсүнө таасир этпесин деп, Асылбек Жээнбековду камакка алууну да суранып жибериптир. Укмуштуунун төөсү жорго деген ушул болсо керек. Темирлан Султанбеков Баш прокуратурага арыз жазбай эле прокурорлорго “минтип иштегиле” деп көрсөтмө берген шпагалка жазган окшойт.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *