Тергөөчүлөр ишин пиарлап, айыпталуучулар ютуб аркылуу актанып калганда

   Мезгил

МККнын мурдагы жетекчиси Алина Шаикова өзүнө карата козголгон иштин жоопкерчилигинген качып, өлкөдөн безип кеткен. Эми укук коргоо кызматкерлери анын сары изине чөп салып издеп жатышыптыр. Шаикованын ишине тиешеси бар делинип, жоопко тартылган “Инфоком” мамишканасынын директоруна окшогон кишинин видео сурагы “Ютуб” каналы аркылуу тарады. Кийинки кезде “Инфокомдун” директору жеңил жаза алуу максатында тергөө менен кызматташууга барып жатат деген маалымат тараган.

Видео материалда Талант Абдуллаев “Garsu Pasaulis” деп аталган литвалык компаниянын сүрөө үчүн Алина Шаикова 20 миң доллар акча берди деп сүйлөгөнү тартылган. Абдуллаев Шакиова менен 2 жолу жана компаниянын өкүлдөрү менен да жолукканын айткан.

Бул видео материал тергөө учурунда тартылып алынгандай. Эгерде тергөөгө тиешелүү материал болсо, анда коомчулукка эмне максат менен жайылтылды. Көрсөтмө берип жаткан Абдуллаев өзүн пиарлагысы келдиби, же тергөөчүлөр? Же кандайдыр бир кызыкчылыкты көздөгөн үчүнчү тарап деген баш ооруларбы? Абдуллаевдин көрсөтмөсү кандай максатта коомчулукка жайылтылып жатат? Бул, мындай маанидеги тергөө сурактары, укук коргоо кызматкерлерини колу менен жасалган материалдардын элге биринчи жолу жайылып жаткандагысы эмес. Бизде укук коргоо кызматкерлери кызматтык тапшырмасын так аткарбай, айыпкерлерди “керек болсо мен сени тартып алып, ютубга жиберип, жылдызга айлантам” деп коркуткан учурлары да жок эмес.

Ошол эле учурда видеодогу Талант Абдуллаевдин өзү эмес, жалган видео, “фейк” дегендер да жок эмес. Биз кечөөкү тараган материалга укук корго органдары бирдемке дейби деген маалымат күттүк. Ак же көк дегенге камырашкан жок. Демек укук коргоо органдары Талант Абдуллаевдин видеосунун тарашына кызыкдар, же болбосо аларга “чын жүрөктөн баары бир”. Бир гана УКМК буга тиешебиз жок деп жооп узатты.

Булак: Мезгил ньюс  

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *