Тилек Токтогазиевге айыл чарба министринин орун басары кызматына сунуш берилди

Мезгил

Тилек Токтогазиевге  Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары кызматына сунуш берилди.

Бул тууралуу Токтогазиев өзү фейсбуктагы баракчасына жазды.

Белгилей кетсек, Тилек Токтогазиев аталган министрликке “Бир Бол” фракциясынан сунушталып бирок, премьер-министр анын талапкерлигин колдогон эмес.

Эске салсак, бүгүн 29-майда  Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп Эркинбек Чодуев шайланды. Ал буга чейин бул министрликте орун басар кызматта иштечү.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *