ТИМ министри Эрлан Абдылдаевдин костюмунун жеңи талашка түштү

Мезгил. 

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жакында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Нью-Йоркко болгон иш сапары учурунда аны коштогон делегациянын курамында болгон. Американын борбор калаасындагы абамайданда басып келаткан мамлекет башчы менен министрдин бир көз ирмеми сүрөткө айланган. Ошол сүрөт талкуу жаратты.

Экс-депутат, саясатчы Равшан Жээнбеков министрдин костюмунун жеңи узун экенин байкады.

“Тышкы иштер министри костюмдун жеңинин узундугунун кандай болушун билиш керек эле…”, – деген пикир калтырды экс-депутат.

Буга ТИМдин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева жооп бербей кое албады. Ал саясатчыга жооп катары: “Равшан мырза, бул сүрөт басып бараткандагы, кыймылдагы сүрөт. Бийик адамдар бийик болгону туура го…”, – деген билдирүү жазды.

Андан ары талаш мындайча уланды:

Ravshan Djeyenbekov  – Бул нерсе башка адамдар үчүн маанилүү  эмес…
А өлкөнүн тышкы иштер министри үчүн аябагандай маанилүү.

Жана, бул дипломатиянын башчысы үчүн майда иш эмес!

Баспай түз турса, андан дагы узун болот. Бул элементардуу логика.

Айымкан Кулукеева – Бул видео былтыркы БУУдагы жолугушуулары, бул жерден да жеңдерин шашпай карап чыгыңыз анда ))

Ravshan Djeyenbekov  – Мен азыркыны көрдүм. Жанындагы президенттин жеңин карагыла  жана дипломатиянын башчысы, профессионалдуу дипломат Эрландыкын карагыла.

Айымкан Кулукеева  – Равшан мырза, эми ушул жең үчүн сиз менен кайым айтышкым келбейт. Сиздин сын-пикирди балким башкалар туура кабыл алгандар бардыр, мен да сиздин пикирди кабыл алганга аракет кылайын. Сиздин саясаттагы көпчүлүк позицияңызды сыйлаган адаммын.  
Ал арада талашка катышкан дагы бир колдонуучу министрдин костюмунун баасын 2,5 миң доллар деп бычып да койду.
Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *