ТИМ муфтият менен түрк элчисинин чыры боюнча үн катты

Мезгил

    Түркия  элчиси менен муфтияттын ортосундагы пикир келишпестиктер боюнча Тышкы иштер министри үн катты.

Министрлик билдиргендей,  Муфтияттын ооз ачарында түрк элчиси Жеңгиз Кемал Фырат менен болгон окуя жеке мүнөзгө ээ.  

 «2019-жылдын 8-майында Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңиз Кемал Фыраттын катышуусу менен болгон окуя жеке мүнөзгө ээ жана ал Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн боордош мамилелерге таасирин тийгизе албайт», — дейт ТИМ.

 Эске салсак,  Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат 8-май күнү муфтияттын ооз ачарында «Сапат» билим берүү мекемесинин директору Орхан Инандыны көрүп, ызы-чуу салып, чыгып кеткен. Ал муфтиятты 35 миллион долларга мечит салып бергенине карабай, террористтерди конокко чакыргандыгына айыптаган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *