ТИМ: Оренбург облусунан Бишкекке 448 кыргызстандык келе жатат

   Мезгил

Оренбург облусунан Бишкекке 448 кыргызстандык жолго чыкты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 Маалым болгондой, автобустар Россия-казак чек арасынан өттү. Алар казакстандын жол полициясынын коштоосунда кыргызстанды карай келе жатышат.

 Министрликтен  белгилешкендей, Казакстан аймагы аркылуу өтүүгө транзиттик коридор ачты.

Бул маселе эки өлкө башчыларынын ортосунда жетишилди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *