ТИМ: Пакистанда үч кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

  Мезгил

Пакистандын аймагындагыы Абботабад шаарында жүргөн үч кыргыз жараны Covid-19 коронавирустук инфекциясын жуктуруп алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.  

Алдын ала маалыматка ылайык, 1950-1952-1959-жылкы үч КР жараны башка алты кыргызстандык жана бир РФнын жараны (кыргызстандык аял) менен кошо Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Абботабад шаарына дааватка келишкен.

“Азыркы учурда бейтаптардын бири ооруканада, анын жанында бир үй-бүлө мүчөсү бар – ал дагы коронавирус жуктуруп алган. Үчүнчү жаран карантиндик аймакта дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Бардыгынын абалы туруктуу. Аталган жарандар Кыргызстандын Исламабаддагы элчилигинде консулдук каттоодо турбайт. Жардам сурап өз алдында кайрылышкан эмес. Элчилик Пакистандын медициналык мекемелери жана укук коргоо орган кызматкерлери менен тынымсыз байланышта болууда”, – деп кошумчалашты тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматынан.

Эске сала кетсек, 2-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандарды саны 116 кишиге жетти. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда бешөө айыгып чыккан.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *