ТИМ: Жакынкы жумаларда 1 миңге жакын кыргызстандык алып келинет

 

Мезгил

Кыргыз жарандарын алып келүү маселеси республикалык штаб менен макулдашылган график боюнча иштелип жатат. Бул тууралуу  онлайн маалымат жыйында тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков билдирди.

Анын айтымында, жакынкы жумаларда 1 миңге жакын кыргызстандыкты алып келүү пландалууда.

“Катардан – 36, Кувейттен – 105, Ирандан – 16, Франкфурттан – 58, Стамбулдан – 149, Москвадан – 402, Түштүк Кореядан – 35, Япониядан – 30, Беларустан 37 кыргызстандык алынып келет. 12-майга карата чет жактагы элчиликтерге жана Тышкы иштер министрлигине дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн 8 миң 712 жараныбыз кайрылган”, – деди ал.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *