Тимур Саралаев “Замандаштын” байрагы менен топ жарып чыгууга бел байлады

    Мезгил

     Мындан он жыл мурун саясаттын астанасын “сары ооз балапан сымал” аттаган Тимур Саралаев бүгүн кадыресе каада күтүп, саясатчынын анык образын жараткан инсанга айланып чыга келди. Бул аралыкта “Жаңы Муун” аттуу коалицияны жетектеп, пикет-митинг өңдүү саясый иш-чаралардын кыйгап өтпөй, айтор, кагылып-согулуп, четинен бышып келатат. Билими, саясаттагы көрөңгөсү жагынан кеп жок. Түпкүлүгүндө идиректүү, данеги бар жигит. Канындагы ала-көөдөндүк сапаты менен колунан келсе көптөргө жардам кылып, ажаатын ачсам деген жакшы максаттары бар.

Дараметинин жетишинче жардам да берип жүрөт. Биз сөз кылган каарманыбыз бир кездеги изи калган партиясына кайрадан кайрылып, аламан жарышка аттанып чыкканы маалым болду. Эми капчыкта пулу болуп, табына келип калса, жарышка аттана берсин. Мындай шартта жигиттин гүлүнүн жолун тоспой, ак бата гана берип коюш кажет. Кайдагы бир ыпыр-сыпыр саясатчыларды, революция сайын эл мүлкүнө кол салган “шектүүлөрдү” жандабай, таза партиянын катары менен чыкканы эле колдоого алаарлык да, туурабы?       

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *