Өткөн жылы бюджеттин “курсагы” 6,4 миллиардга тойбой, “курулдап” калган

   Мезгил

Өткөн жылдын бюджети 6 миллиард 453 миллион сом бөксөсү менен аткарылган. Байкуш Кыргызстандын “курсагы” дайыма тоё бербеген бюджети десе. А бирок бюджет мүшөгүнүн түбү оркойгон жыртык, капталы илме тешик, жамачы, “курсагы” курулдап, жок дегенде бир жылга бир жолу тойбогон менен эл башкарган чиновник сөрөйлөрдүн курсагы күндө ток. Анткени күз келип, күндө майрам, күндө той. Агы деле, карасы деле биригип алып тойго барып чогуу бийлешет, эски душмандар бири-бири менен эч темке болбогондой кучакташып сүрөткө түшүшөт.

Ошол эле кезде өлкөнүн бюджети 12 миллиард 606 миллион сом пландык тартыштыкты чапчып келет. Былтыр сырткы жана ички карызыбызды жабууга 23 миллиард сом сарпталган. Өлкө бюджетинин былтыркы жылкы тартыштыгын жабуу үчүн эле 9 миллиард сомдук баалуу кагаздар чыгарылган.

Аш тийбеген арык баладай болгон өкмөт, семирем деп алдына чоң максат коюп, баалуу кагаздарды басып чыгарып, коммерциялык банктарга гана берип, акча каражатын араң тааптыр. Билармандар бул баалу кагаздарды эми элге да тараткыла деп кеңеш беришти. Эми чала тоют болуп жашап келе жаткан элдин, бюджеттен айлык алган мугалим, дарыгерлер, пенсионерлерди союз убагындагыдай зайым кагазын ала тур деп кыйнашпаса эле болду.

Өткөн жылда өкмөт канча киреше тапты эле деп капчыгына үңүлсөк, 135 миллиард 504 миллион сом иштеп тааптыр. Ошол эле кезде 6 миллиард 453 миллион сом бөксө толбой калган.

Булак: Мезгил ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *