Өткүрбек Жамшитов Абдылдабековдун ишин аягына чейин көзөмөлдөй алабы?

   Мезгил

    Буга дейре биздин сайт Балыкчы шаарындагы аскер комиссариаты тарабынан жасалма аскердик билетти берүү боюнча кыңыр ишти чагылдырып, маселеге баш прокурор Өткүрбек Жамшитов көзөмөл кылуусун өтүнгөн элек. Материал жарыкка чыкканы башкы прокуратура тарабынан бул ишке тыкыр көзөмөл жүргүзүлүп, ушул күндөрү Адилет Абдылдабековго шектүү жасалма билетти ыйгарган аскер кызматкеринин үстүнөн иликтенген иш Балыкчы шаардык сотуна жөнөтүлгөнү кабарланды. Ал эми шектүү жагдайда аскердик билетке ээ болгон Адилет Абдылдабековдун иши башкы прокуратура тарабынан өзүнчө өндүрүшкө алынып, тергелип жатканы маалым болууда. Эми прокуратура өкүлдөрү аталган ишти Балыкчы ШИИБине жөнөтүшөбү? Же “бармак басты, көз кысты” болсо жаап салышабы? Баш прокурордун назарына коюлганы ишти жаап, будамайлап салышпаса керек. Баса, бул ишке укук коргоо органдары тарабынан мыйзамдуу чекит коюлбаса, Балыкчыдагы активисттер коопсуздук кеңешине, арылатканда ажонун өзүнүн дейре арызданып, көзөмөлгө алабыз дешүүдө. Адилет Абдылдабеков Балыкчыдагы “жылаандын куйругун басып” алганбы? Оңой менен кутултушпайт го балакайды?  

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *