Тоңгон муз ээриген окшойт. Жанар Акаев менен Чубак ажы Жалиловдун бирге түшкөн сүрөтү талкуу жаратты

  Мезгил

Кечээ 14-майда  интернет тармактарына Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Жанар Акаев, дин аалымы Чубак Жалиловдун дасторкон үстүндө чогуу түшкөн сүрөттү депутат Алтынбек Сулайманов  жүктөдү.

Сулайманов: “Чубак ажы жана Жанар иним үчөөбүз бүгүн чогуу ооз  ачтык. Кыргыздын эки мыкты уулунун бири-бирине болгон урмат-сыйы өтө бийик деңгээлде экен”-деп жазды.

 Муну интернет колдонуучулары  Чубак ажы Жалилов менен Жанар Акаев элдешкендерин колдоого алышууда.

Эске салсак, 2016-жылы Кыргызстанда жума намаз үчүн түшкү тыныгууну эки саатка чейин узартуу демилгесинин айынан Аалымдар кеңешинин мүчөсү, экс-муфтий Чубак ажы Жалилов менен депутат Жанар Акаевдин ортосунда пикир келишпестиктер орун алып катуу кайым айтышуу орун алган.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *