Тогузду бешке ылдыйлатууга убара чеккендер

Мезгил

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары шайлоо босогосун 9 пайыздан 5 пайызга чейин түшүрүүнү сунуштап жатышат. Тийиштүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Аталган мыйзам долбоорун депутаттар –  Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев демилгелеген.

Шайлоо босогосу алгач 5 пайыздан 7 пайызга чейин көтөрүлүп, 2017-жылы босого чеги 9 пайызга чейин жогорулатылган. Эгер 2015-жылкы парламенттик шайлоодо 9 пайыздык босого чеги колдонулганда азыркы парламентке “Бир бол” жана “Ата Мекен” саясий партиялары өтпөй калмак.

Ошондой эле саясий күчтөргө, жаӊы жана жаш партияларга парламенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында шайлоо күрөөсүнүн суммасын 1 миллион сомго төмөндөтүүнү да сунушташкан. Учурдагы күрөөнүн көлөмү 5 миллион сомду түзөт. 2010-жылы Жогорку Кеӊешке шайлоого 29 партия катышкан, ал эми 2015-жылы шайлоо күрөөсүнүн суммасы 5 миллион сомго чейин көтөрүлгөндө шайлоодо болгону 14 партия ат салышкан.

Демилгечилер шайлоо күрөөсүнүн өтө чоӊ болушу көптөгөн партиялардын шайлоого катышуусуна тоскоол болот. Мындан тышкары, колунда бар жарандар гана парламенттин депутатыгына талапкер болууга мүмкүнчүлүк алат деген пикирде. Ал тургай шайлоодо 40-50% шайлоочулардын добушу жараксыз болуп калаарын эл аралык тажрыйба көрсөткөн деген жүйө да келтиришкен.

Учурда Кыргызстанда 223 партия бар деген маалымат бар. Бирок булардын арасында айрымдары элге таанылбаган, аты-жыты жок партиялар болсо, айрымдары ишмердигин токтотуп, жоюлган. Алты миллион калкы бар алакандай Кыргызстан үчүн мынча партиянын пайдасы деле тийиши күмөн. Ал эми келерки шайлоодон орун ала албай калабыз дегендер бүгүндөн калбай добулбас кагып жатышат. Аларга кокту-колоттон желек көтөрүп чыга бербей, бир муштумга биригип, бир чоң күчкө айланбайсыңарбы деген киши жок. Шайлоонун босогосун ылдый тарткысы келгендердин максаты эптеп депутат болуп алсам болду, калганы не болсо ошол болсун деген эле максат экендигин карапайым эл деле билип калды. Алардын Кыргызстанды өргө сүйрөгөндүн ордуна көргө сүйрөгүсү келген аракети жашыруун деле болбой калды. Ал эми демилгеленген мыйзам долбоору колдоого алынар-алынбасын мезгил аз убакытта көрсөтөр.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *