Токио-2020 Олимпиада оюндары көрүүчүлөрсүз өтүшү мүмкүн

   Мезгил

Быйылкы жылга белгиленген Олимпиада оюндары 2021-жылы көрүүчүлөрсүз өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах билдирди.  

“Биз ар кандай (оюндарды өткөрүүнүн) сценарийлерди даярдап коюшубуз керек. Эч ким оюндар көрүүчүлөрсүз өтүшүн каалабайт. Ошентсе да биз Олимпиаданы коопсуз түрдө өткөрүүгө керектүү чараларды көрүүгө даярбыз”, – деди  ал.

 Эске салсак, Олимпиада оюндары быйыл Токио шаарында 24-июлдан 9-августка чейин өтүшү керек болчу. Бирок коронавируска байланыштуу ал келерки жылга жылдырып, оюндар 23-июлдан 8-августка чейин болуп өтөт.  Анткен менен  “Токио-2020” аталышы өзгөрүүсүз калат. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *