Токио-2020: Олимпиада оюндарына бара турган спортчуларга 65 миллион сом бөлүнөт

   Мезгил

Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына бара турган спортчуларга 65 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Эмил Токтошев кечээ, Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

 Маалымдалгандай, олимпиадага даярдык көрүү жана катышуу үчүн бюджеттен 60 миллион сом бөлүнөт.  Ал эми спортчулардын кийип чыга турган формасын тиктирүүгө 5 миллион сом каралган.

Белгилей кетсек, 2020-жылкы жайкы Токио Олимпиадасына балбандар Атабек Азисбеков жана Айсулуу Тыныбекованын жолдомосу бар. Андан тышкары, сууда сүзүүчү Денис Петрашов менен жөө күлүк Юлия Андреева лицензия алган.

Белгилей кетсек,  2020-жылкы жайкы Токио Олимпиадасы 24-июлда башталып, 9-августта жыйынтыкталат. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *