Токио Олимпиада оюндары кийинки жылга калышы мүмкүн

  Мезгил

Токио Олимпиада оюндары бир же эки жылга жылышы мүмкүн. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада Комитетинин (ЭОК) мүчөсү Харуюки Такахаси америкалык “The Wall Street Journal” гезитине берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, дүйнөдө коронавирус жайылып жаткандыгына байланыштуу башка мөөнөткө жылдыруу зарылчылыгы келип чыкты.

Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары үстүбүздөгү жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин Япониянын борбору Токиодо өтөрү пландалган. Оюнга кыргызстандык беш спортчу жолдомо алган болчу.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *