Токмокто поезд кырсыкка учурады

Мезгил

Токмок шаарында 13-августка караган түнү Токмок шаарында поезд (тепловоз) кырсыкка учурап, эки вагон рельстен чыгып кеткен. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,тепловоз айнек заводдон чыгып келе жатып, токтоп турган поездди кагып кеткен. Жүрүп бараткан локомотив рельстен чыгып, оодарылган.
Курмандыктар жана жабыркагандар болгон жок. Кырсык болжол менен саат 22:00дө катталган.  

Вагондор «Кыргыз темир жолу» ишканасы менен иштешкен Токмоктогу айнек чыгаруучу заводдун мүлкү болгону кабарланууда.

Эске салсак, темир жолунда жылына ондогон кырсыктар катталып турат. Акыркы жолу 3-июнда темир жолдо жарылуу болуп, төрт адам жабыркаган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *