Толгонай Стамалиева ордун Султан Досалиевге биротоло өткөрүп бербейби?

Мезгил

Президенттин басма сөз кызматында Султан Досалиев аттуу кесиптешибиз эмгектенет. Кесиптик чеберчилигинде, колундагы фото-аппаратынын күчү менен кадрларды “бутага алуудагы” жөндөмүндө кеп жок. Ал жагына сын айтуу кыйын. Президенттин Москвага болгон сапарынын жүрүшүн Султан Досалиев фейсбук аркылуу 4-5 сүйлөм менен бергенге аракет кылганы, анысы да көп сөздүүлүк жана тафтологиялык кайталоолор менен орун алганы, бир маанини 3 сүйлөм менен кайра-кайра кайталаганы интернет колдоочулары тарабынан кескин сынга алынууда.

Султакебиз президенттин сапарын сөз жүзүндө чагылдырып эмне кылат? Анын ажонун сапарын фото-кадрлар аркылуу чагылдыруусу эле жетиштүү болмок. Калемдин арты менен сапардын жүрүшүн Толгонай Стамалиева чагылдырса жарашмак. Ар ким өзүнүн ишин билсе иш дагы алдыга жылышмак да. Мындай кемчиликтерге жол берген Толгонай Стамалиева каякты карап отурат? Бул анын тикелей милдети эмеспи. Барган сайын ажобуздун командасы улам бир кадамы менен жаңылыша берсе президентибизде кайдан аброй болот?    

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *