Толуктарга орун жок. Кайгуул милициясына кабыл алууга 2-сынак башталды

  Мезгил

  Кайгуул милициясына кабыл алууга 2-сынак башталды. Бул тууралуу  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.  

 Маалым болгондой, сынакка катышууга милиция кызматкерлеринен жана катардагы жарандардан документтер 24-августка чейин кабыл алынат.

 1-сынактын натыйжасында 800дөн ашуун орундардын жарымы дагы толгон жок. Учурда 450гө жакын квоталар бош калууда.

Белгилей кетсек, буга чейин толуктарга, мурда соттолгондорго,  сабатсыздарга бул кызматта орун жок экендиги  айтылган. Талапкерлер жалпы сабаттуулукка тест тапшырып, аскердик жана медициналык кароодон өтүп, физикалык даярдыкка текшерилишет. Андан соң алар Ички иштер министрлигинин алдындагы Академияда 3 айлык даярдык курстарынан өтөт. Офицерлик кызматка жогорку билимдүү 21-35 жаштагы талапкерлер тандалат.

Эске салсак, Кайгуул милициясы 2016-жылы түзүлүп, бирок натыйжасыз болуп 2017-жылы жоюлган. Патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча долбоорду ишке ашырууга бюджеттен 381 миллион сом керектелет.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *