Топ тээп тоголонгон төрага. Депутаттар футбол ойношту (фото)

Мезгил

Кечээ, 15-сентябрда Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков кичи футбол жана үстөл тенниси боюнча турнирлерге катышты.

  Төрага  алдындагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Кеңеш тарабынан уюштурулган турнир, парламент менен бизнес ассоциацияларынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатында өткөрүлдү.

Кичи футбол боюнча таймашта  спикердин  алдындагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Кеңештин, бизнес ассоциацияларынын командалары  күч сынашты.   

Алсак, Жогорку Кеңештин командасында Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган парламент депутаттары: Абдывахап Нурбаев, Бактыбек Сыдыков, Ильхом Маннанов, Фархат Тулендыбаев, Айбек Алтынбеков, Умбеталы  Кыдыралиев оюн көрсөттү.

Ал эми Бизнес Кеңешинин курама командасына ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү, андан тышкары Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт кирген.

 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *