Трамп: AKШ менен Кыргызстандын ортосундагы келишимдин ийгиликтүү түзүлүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатам

Мезгил

Дональд Трамп AKШ менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык келишимдин ийгиликтүү түзүлүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатат. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти мындай пикирин кыргызстандыктарды жана Сооронбай Жээнбековду “Нооруз” майрамы менен куттуктоо телеграммасында билдирген

-Биздин эки өлкөбүздүн ортосундагы 27 жылдык өнөктөштүгүбүз бай кызматташтык салттарына ээ. Келечекте кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн тереңдетүү үчүн AKШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык келишимдин ийгиликтүү түзүлүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатам –деп билдирген Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп куттуктоо телеграммасында.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *