Трамп мусулман элчилерин Ак үйгө ооз ачаарга чакырды

  Мезгил

АКШнын президенти  Дональд Трамп мусулман элдеринин дипломаттарын Ак үйгө ооз ачаарга чакырды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

 Маалымдалгандай  Американын  президенти  Дональд Трамп мусулман элдеринин элчилери менен дипломаттарына  Рамазан айында ооз ачаар берип, аларды  Ак үйдө кабыл алуу чоң сыймык экенин баса белгиледи. 

  Президент Разаманды “Кайрымдуулук  айы” деп атады.

 Трамп  акыркы учурларда Жаңы Зеландия, Шри-Ланка жана  Америка  курама штаттарындагы мусулмандарга, христиандарга  жана еврейлерге жасалган чабуулдарга байланыштуу түрлүү дин өкүлдөрү үчүн өтө кыйын кезең болгонун айтты. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *