Транспорт, турак-жай, батир жана жер салыктарын төлөөгө бир жума убакты калды

    Мезгил

Мамлекеттик салык кызматы транспорт каражаттарынын, турак-жай жана жер үлүшүнүн ээлерин  салыкты өз убагында төлөөгө жетишүүгө чакырат. 

 Транспорт, турак-жай, батир жана жер салыктарын белгиленген мөөнөттө төлөө үчүн жарандарда дагы бир жума убакыт калды.  

Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрында транспорт каражаттарына салыкты, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө мөөнөтү аяктайт.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *