“TS-Group” курулуш компаниясы Айсулуу Тыныбековага бир бөлмөлүү батир белек кылды

   Мезгил

“TS-Group” групп курулуш компаниясы  Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага бир бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу аталган компаниядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык,  “TS-Group” курулуш компаниясынын директору Алмаз Тиленов үй бүлөсүнүн жана “TS-Group” курулуш компаниясынын атынан “СУЛАЙМАН ТОО”  аттуу турак жайынан шаардын борбордук бөлүгүнөн 1 бөлмөлүү батир  белекке берди.    

Белглией кетсек, кечээ 20-сентябрда кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын финалында   Болгариянын балбаны Тайбе Мустафа Юсейн  менен беттешип аны 5:3 эсебинде жеңип  Кыргызстанда биринчи жолу Дүйнө чемпиону болгон.

Маалымат үчүн: 

ТS Groupтун негиздөөчүсү жана жетекчиси: Тиленов Алмаз Иманкулович.

Акыркы мезгилде бюджетке төгүлгөн каражат: 258 миң 936 сом

Курган объектилеринин саны: 7, алардын бирөө сатыкта, калган үчөөнүн курулуш иштери  2021-жылы декабрь айында  аяктайт.

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *