“Центерра Голд Инк” Монголиядагы 2 алтын кенин былтыр саткан. Кыргызстан андан “үлүшүн” ажыратып ала алабы?

   Мезгил

Ушул жылдын 13-сентябрында Кыргызстандын бир катар ЖМКлары монголиялык маалымат агенттиктерине шилтеме берип, ««Центерра Голд Инк» компаниясы Монголия өкмөтүн геологиялык чалгындоо жана эксплуатациялоо лицензияларын жокко чыгаргандыгы үчүн сотко бергени жатат» деген маалымат таратышкан. Бул кабар чындыкка жатпайт жана расмий түшүндүрүүнү талап кылат деп “Центерранын” маалыматы тарады.

Маалымат үчүн:

«Центерра Голд» Түндүк Америкада, Азияда жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин казуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген Борбор Азиядагы эң ири батыш алтын өндүрүүчү компаниясы. «Центерранын» эки негизги активи – Кыргыз Республикасында «Кумтөр» кени жана Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» кени болуп саналат. Мындан сырткары  Түркиядагы «Оксут Голд» кенинде да курулуш иштерин жүргүзүп келет. «Центерра Голд» компаниясынын акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Канаданын Онтарио провинциясынын Торонто шаарында жайгашкан.

Кезинде Монголиядагы 2 алтын кенине Кыргызстандын да тиешеси бар болгонбу?

Буга чейин «Центерра Голд Инк» Монголияда эки туунду компанияга катталган бизнеске ээ болгон. Ал компаниялар «Centerra Gold Mongolia LLC» жана «Boroo Gold LLC» деп аталган. Мына ушул компаниялардан түшө турган кирешелер Кыргыз Республикасына да тиешелүү болуусу керек деген пикирди бир кезде Кубанычбек Исабеков айтып, Многолияга чейин барып-келип изилдеген. Анткени “Центеррада Голд Инкте” КРнын тиешелүү үлүшү бар.

Тилекке каршы көптөгөн бут тосуулар менен бул маселе чаң баскан бойдон калып келген. Учурда монгол бийлиги “Центеррага” тиешелүү болгон жогорудагы 2 кен былтыр сатылып кеткендиги тууралуу маалымдады. Тагыраагы 2018-жылдын октябрында «Centerra Gold Inc.» монголиялык бизнесин толугу менен Сингапурда негизделген «OZD GROUP PTE Ltd.» менчик компаниясына саткан. Келишим боюнча бул эки компания – «Centerra Gold Mongolia LLC» жана «Boroo Gold LLC», толугу менен «OZD GROUP PTE Ltd.» компаниясына өткөн.

Бул жерде Кыргыз Өкмөтү жогорудагы эки кенди сатуудан түшкөн пайданын тиешелүү делген “үлүшүн” ажыратып ала алабы? Же компания “мага тийбе” деп туруп кечөөкү түзгөн келишим боюнча долларбайлады алып, бюджеттин жыртык-тешигин жамачылоо менен күн кечире береби?

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *