Тунгучта жогорку кабаттан секирген кыздын абалы оор

 Мезгил

Бишкек шаарынын Туңгуч кичирайонунда алтынчы кабаттын терезесинен секирген өспүрүм кыздын абалы оор бойдон калууда.

Бул тууралуу Бишкек шаардык балдардын тез жардам ооруканасынан билдирди.

 Маалым болгондой,  жабыркаган кыз азыр реанимация бөлүмүндө  бүгүн 25-февралда кыз дагы бир жолу текшерүүдөн өтүп, мындан кийинки дарылануусу белгилүү болот. 

 Белгилей кетсек, окуя 20-февралда, «Туңгуч» кичирайонунда болгон. Милицияга алтынчы кабаттан секирүүгө камынып жаткан кыз боюнча маалымат саат 14.20да келип түшкөн. ӨКМдин кызматкерлери эшикти ачып киргенде кыз секирип кеткен. Аны жерде килем жайып турган милиционерлер тосуп алган.

Учурда өспүрүмдүн суицид жасоо аракетинин себеби такталып жатат.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *