Турат Акимов: Текебаевдин “акмакчылыгы” ашып кетти!

Мезгил

Саясат талдоочу Турат Акимов “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу Өмүрбек Текебаевди “туздады”. Билдирүүнүн стилистикасын өзгөртпөй которууга аракет жасадык. Анда мындай пост калтырылган:

“Өзүнө ылайыктап эрежени өзгөртө береби?

Текебаев шайлоо босогосун 3 пайызга түшүрүп же 50 миң добуш алган партия парламентке келе ала тургандай кылууну сунуштап жатат. Бул парламентти жашартат деп жатат.

2 жолудан ашык шайланууга тыйюу салган жана 60 жаштан ашкан депутаттар кайра шайланбасын деген сунуш анын Конституциясын оңой алабы? Ал керек болсо 5 пайыздык босогодон да учуп кетиши мүмкүн. Бул жакшы көрүнүшпү? Анда эмне үчүн дайыма эрежени өзүнө ылайыктап өзгөрткүсү келе берет?

 

Республика боюнча 50 миң добуш алуу деген не деген шумдук? Ар бир үйдүн кире беришинен 2 киши добуш берсе, анан ал партия парламентке өттү деп саналабы? Текебаевге айтаарым, “реформа” менен алектенгенин токтотсун! Өкүлчүлүктөн түзүлгөн орган партиянын эмес, элдин кызыкчылыгын коргош керек. Анткени, өлкөдө мынчалык полярдык – саясий кызыкчылык жок. Саясат таануу – оңчул-либерал, солчул-коммунист, социалист, жумушчу партия, диний-консерваторлор, руханий, мекенчил күчтөр дегендин ичинен 3 негизги саясий күчтөрдү гана тааныйт. Кичинекей өлкө үчүн 254 партиянын не кереги бар? Текебаевдин “акмакчылыгы”(Маразм крепчает у Текебаева!) ашып кетти! Мындан ары анын колунан микрофонду алып койгула!

Кечээ, 11-ноябрда Бишкектин “Достук” мейманканасында саясатчылар жана жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан “Депутат үчүн добуш берүү – ар бир жарандын укугу” деген темада тегерек стол болуп өткөн. Анда катышуучулар мыйзам долбоору боюнча ойлорун ортого салып, келаткан парламенттик шайлоодо 9 пайыздык босого чегин ылдыйлатуу боюнча пикирлерин айтышты.

Талкууда Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Темир Сариев, Равшан Жээнбеков, Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Феликс Куловдор сөз алып сүйлөштү. Анда Өмүрбек Текебаев элдин оюн бийлик эске албаса, президенттин тагдыры революция менен бүтөөрүн эскертип, Адахан Мадумаров революция болуп кетээрин ачык эле айткан. Укук коргоочу Чолпон Жакупова бардыгынын оозун жап кылды. Ал эл өкүлдөрү Жанар Акаев менен Рыскелди Момбековго “боору ооруй турганын” билдирип, “депутаттар байкуштар” деп атады. Депутаттар жарандык коомсуз өз алдынча иш жасай албайт, эгер жасай алсаңар силердин артыңардан ээрчийбиз деген сын пикирин айтты.

Ошондой эле силер үчүн Динара Ошурахунова тегерек стол уюштуруп берип, жарандык коомго үнүңөрдү жеткирип олтурат. “Жарандык сектордун активдүү позициясы айрым саясатчыларды импотент кылды” деп түз качырды. Муну уккан Динара Ошурахунова тегерек столду жабууга шашты.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *