ТУРДУКУЛОВ: “Атамбаевдин ажо кезде саясый куугунтук жүргүзгөнү бүгүн өз башына келди”

Мезгил

Бир кездеги кубаттуу делген КСДП бүгүн оор тагдырга кириптер болуп, эки ажырымга түшүп, бир катары партиядан чыгып кетишти. Актуалдуу болуп жаткан ушул маселедеги негизги каарман “Саясый туткундарды коргоо” кыймылынын төрагасы Адил Турдукуловду азын-оолак кепке тарттык.

–Адил мырза, КСДПдан мүчөлүгүңүз токтогону, партия сиз үчүн эшигин “сыртынан жаап койгону” маалым болду. Эми мындан аркы “саясый багыңызды” кайсы саясый топтон издейсиз?

–Азыр саясат жашообуздун бирден-бир бөлүгү болуп калбадыбы. Мен буга чейин партия менен гана иш алып барган жокмун да. Азыр мен журналисттик иликтөөлөр менен алпурушуп жатам. Буга чейин деле ушул чыйырда эмгектенип келгем. Мындан ары да болгон күчүмдү ушул жаатка арнап эмгектене берем.

–Парламенттик шайлоого катышасызбы? Былтыр көпчүлүктү укпай, КСДПга кошулуп алган катачылыгыңызды моюндайсызбы?

–Мен КСДПга 2004-жылдан бери мүчөмүн жана буга чейин кеткен эмесмин. Силер айткандай “былтыр кошулуп алдың” – дегениңерге кошулбайм. Өз кезегинде мен дагы партияга өз салымымды кошуп келгем. Ал эми парламенттик шайлоо боюнча ойлонгонго али эртерээк. Парламент азыр өңчөй капчыктуулардын гана уюгуна айланып калбадыбы? Мындай шартта жалаң гана идеяга басым кылып шайлоодон өтүш өтө кыйын.

Атамбаев менен мындан аркы мамилеңиз кандай болот?

–Мен Атамбаевден башка да «Кой-Таш» окуясындагы катышуучуларды саясый туткун катары баалайм. Булардан тышкары Каныбек Осмоналиев, Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков баштаган камактагы саясатчылар саясый куугунтуктун аркасында камакта отурушат. Өзүңөр билесиңер мен саясый куугунтукка каршы комитетти түзгөм. Ошол иш-аракеттеримдин аркасында жогорудагы саясатчыларды, куугунтукка кабылгандарды жарандык, коомдук аянтчада коргогон иш-аракеттерибизди уланта беребиз.

–Партиядан кетсеңиз деле Атамбаевден кол үзбөйт экенсиз да ээ?

–КСДПнын айрым мүчөлөрү бар Атамбаевди Кудайындай көргөн. А мен алардан айырмаланып Атамбаевдин жакшы жагын, ага удаа кемчиликтерин да бетине айтып келгем. Атамбаевге карата ал президент кезинде айткан кептерим дагы деле күчүндө. Табалаган жерим жок, бирок, ал өлкө башчысы кезинде өзү туура эмес иштерди жүргүзүп, саясый куугунтук жүргүзгөнү үчүн бүгүн ошондой тагдырга кириптер болуп, саясый куугунтукка кабылды. Бүгүн ал саясый туткун. Ошондуктан, аны башка саясый куугунтукка кабылгандар сыяктуу эле коргой беребиз.   

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *