Туризмди өнүктүрүүгө 55 миллион доллар жумшалат

Мезгил

Өлкөбүздөгү туризм тармагын өнүктүрүү үчүн 55 миллион долларды Ысык-Көл облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүүгө жардам үчүн эл аралык ассоциациясы берет. Долбоор Жогорку Кеңешке ратификациялоо үчүн жиберилди.

Алынган каражат Казакстан менен болгон автожолду жакшыртуу максатында Түп – “Каркыра” көзөмөлдөп өткөрүү бекетине (КПП) барган автожолду  калыбына келтирүүгө жана жол четиндеги объектилерди курууга, “Каркыра” капчыгайындагы лагерге барган жолду оңдоо иштерине жумшалат. Ошондой эле жол тазалоочу жана кар тазалоочу техникалар сатылып алынат. 

Муну менен катар туризмди өнүктүрүүдө Жарандык авиацияга да көмөк берилип, коопсуздукту сактоо маселелери ишке ашырылат. Бөлүнгөн каражатка Түп жана Ак-Суу райондорунун аймактарында 5 туристтик кызмат көрсөтүү борборун, геопарктарды ачуу пландалууда.

55 миллион доллардын жарымысы грант түрүндө, калганы 38 жылга 0,75 пайыз жана 6 жыл жеңилдетилген мөөнөт менен алынат. Бул долбоор ишке аша турган болсо Түп, Ак-Суу, Каракол эли жыргап эле жатып калчудай экен. Ысык-Көлдүн керемети бир гана Чолпон-Ата, Бостериде эмес да. “Каркыра” көзөмөлдөп өткөрүү бекети заманбап жабдуулар менен жаңыланып, жол өндолсо, бул чөлкөмдүн жашоочуларына да жашоо шарттарын жакшыртууга шарт түзүлмөк.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *