Туризмди өнүктүрүү максатында бир катар жаңы аба каттамдар ачылат

  Мезгил

2019-жылы туризмди өнүктүрүү максатында бир катар жаңы аба каттамдардын ачылышы күтүлүүдө. Мындай маалыматты Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

 Маалым болгондой,  7-июнда Qazaq Air компаниясы Алматы-Ош-Алматы багытында жумасына 2 жолу каттай баштайт. Андан тышкары, аталган компания 5-апрелден тарта Алматы-Бишкек-Алматы багытында ар дүйшөмбү жана жекшемби күндөрү учуп баштаган.

Air Arabia компаниясы 2-июлдан тарта Шарджа – Бишкек – Шарджа багытында жумасына 4 жолу уча турган болду.

«Өзбекстан аба жолдору» 27-июндан сентябрга чейин Ташкент-Тамчы-Ташкент багытында жумасына бир жолу каттап турат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *