Турсунбай Бакир уулу: “Башкы прокуратура парламентти укпастан, Батукаевди бошотууда мыйзам бузулган эмес деп туруп алган”

Мезгил

Парламенттик республикада парламенттин чыгарган корутундусун ошол маалдагы Башкы прокуратура укпастан, Батукаевди бошотууда мыйзам бузулган эмес деген жообун айтып туруп алган. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Турсунбай Бакир уулу билдирди.

-Биз ошол мезгилде айыптуу адамдардын бардыгын тактап бергенбиз. Анан укук коргоо органдары ошол боюнча эле териштирүү иштерин жүргүзүүгө акысы бар эле. Бирок парламенттик республикада парламенттин чыгарган корутундусун ошол маалдагы Башкы прокуратура укпастан, Батукаевди бошотууда мыйзам бузулган эмес деген жообун айтып туруп алды.

 

Биздин депутаттар анда өтө одоно мыйзам бузуу болгонун көрсөтүп турсак деле ага көңүл бурулган эмес. Анан минтип бир жылдан соң гана Башкы прокуратура менен сот органдары бул маселеге кайра кайрылып, жаңылыштыкты оңдоого аракет жасап жаткандай элес калтыышкан. Бирок бул элес гана болчу. Конкреттүү эч кандай иш жасалган эмес-деди Турсунбай Бакир уулу

Тергөө органдары 19 кишинин гана ишин иликтеди, ал эми калгандары эмне болду? –деп суроо салат. Бешинчи чакырылыштын депутатттынын айтымында Батукаевдин иши боюнча түзүлгѳ депутаттык комиссия бул ишке 26 аткаминердин тийешеси бардыгын аныктаган.

-Ал эми парламенттин алы бир гана акыйкатчыга жетет экен. Биз аны жумуштан алабыз. Калган 26 аткаминер өкмөттүн карамагында болгондуктан, алардын ишин тергөө органдарына, прокуратурага, УКМКга берип, сотко чейин жеткиргиле деп тапшырма бергенбизизге карабай, ѳкүнүчтүүсү, 26 кишинин бири да жоопкерчиликке тартылган жок. Тергөө органдары 19 кишинин гана ишин иликтеди. Ал эми калгандары эмне болду? Тергөөчүлөр биринчи кезекте депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнөн көрсөтмө алышы керек болчу. Себеби депутаттар Нарынга чейин барып, Азиз Батукаев отурган абакты текшерип, ага ким келип турганын, кримтөбөл түрмөдө отуруп алып «ак үй, көк үйдө» кимдер менен сүйлөшкөнүн, баарын таап бергенбиз.

 

Мен азыркы жыйынтыкка нааразымын. Дагы он чакты кишинин жоопкерчилиги каралышы керек болчу-деди 2013-жылы Батукаев абактан мөөнөтүнөн мурда бошоп, Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин бул иштин чоо-жайын иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү Турсунбай Бакир уулу.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *