Турсунбай Бакир уулу: Биз аларды жаап салсак болду, алар Палестина, Израил болуп калышат

Мезгил

“Коңшулар менен чатак чыкса, элчилерибизди чакыртып алышыбыз керек”

Мамлекеттик башкаруудан үлкөн тажрыйба күткөн Турсунбай мырза өлкөдөгү соңку саясый жүрүштөрдү спектаклге салыштырып, олуттуу маек берди. Биз ал маектин урунттуу жерлерин сиздердин назарыңыздарга сунуштадык.

-Турсунбай мырза, соңку убакта чек ара чыры жүз бергени бизге жаңылык деле болбой калды. Жакында кайрадан Сохто жаңжал жүз берип, таш атышуу болуп, эки тарап жолугушканы менен маселе чечилбей келет. Бул боюнча пикириңиз кандай?

–Кыргызстан өз мүмкүнчүлүгүн туура пайдаланалбай жатат. Тажикстанга караганда биздин позициябыз жакшы. Эмне үчүн дегенде Тажикстандан айырмаланып биз ОДКБнын, ШКУнун алдыңкы  мүчөсүбүз. Биз тарапта азыр эл аралык организациялар көп. Экинчиден, ушул маселе чечилип жатканда Тажикстан Кыргызстанга көз каранды. Анткени, жолу, кирип-чыгышы, Ворух анклавдары ж.б.боюнча. Өзбекстандын Соху да бизге көз каранды. Биз аларды жаап салсак болду, алар Палестина, Израил болуп калышат. Аны биз пайдалана албай жатабыз. Ошон үчүн мен өзүм Кыргызстандагы биринчи дипломат катарында тышкы иштер министрлигине сунушумду бердим. Ошону колдонушса эле маселе азырынча чечилип калмак.

–Кандай сунуш бердиңиз? Ошону коомчулук дагы угуп калышсын…

–Биринчиден, эгерде алар дагы да чыр-чатак салышса Тажикстан анклавындабы же Өзбекстан анклавындабы Кыргызстан муну бууп коюшу мүмкүн. Бул экономикалык чара. Ошондо алар бизге нан, суу, тамак, кийим керек дешип жалдырашат. Биздин Кара-Суудагы Барак анклавы бар. Ошол жерде төрт жолу бар экен. Төрт жеринен казып коюшту эле биздикилер не кылышты билбей калып Баракты таштап коюп чыгып кетип жатышат. Сох менен Ворухту да ушундай кылыш керек. Муну туура түшүнүшсүн, мен ырайымсыз адам эмесмин. Эгерде биз чагымчылар менен күрөшө албасак, анда анклавдардын жолдорун жабыш керек. Экинчиден, эгерде ошондой чыр-чатак болсо мындай шартта Тажикстан менен Өзбекстандын бийлиги андай чыр-чатактарды баса алышпаса, анда дипломатиялык жол бар. Биз өзүбүздүн элчибизди консултацияга чакырып, андай шартта элчи ишин токтотуп коет.

Мындай учурда дипломатиялык чыр-чатак болот. А бизде эмне болуп жатат? Тажикстандын же Өзбекстандын элчисин “силер туура эмес кылып койдуңар” – деп чакырып коюп жатышат. Жок! Кыргызстандын ал жактагы элчисин чакырып алыш керек. Бул дипломатиялык чоң жаңжал!

Дүйнөлүк коомчулук “Кыргызстан дипломаттарын чакыртып алыптыр” дешип көңүл бурушат. Дагы бир күчтүү жол, азыр Фергана облусунун акими Рустам Ганиев президент Шавкат Мирзиеевдин тапшырмаларын так аткарат экен. “Кыргызстан менен мамилени бузбагыла. Керек болсо Сохтогу 74 баланы камайм” – деди. Аким, президент Кыргызстан менен достукту бекемдеп тургандан кийин биз өзүбүздүн да чарабызды колдонушубуз керек да. Ошол эле Сохтогу 74 адамды же Ворухтагы дайыма жаңжал кылып жаткан тажиктерди биз “Персона Нон – гранта” деп жарыялап коюшубуз зарыл. Ошол алар анклавдан чыга албай, жакшылык-жамандыкта Өзбекстанга, Тажикстанга өтө албай калышат. Анткени, Кыргызстанда указ бар “булар өлкөбүздүн тигил же бул жерине кире алышпайт” – деген. Алар ошондо анклавдан өтө албай отура беришет. Бул эң чоң жазалоолордун бири болот. Мындай жазалоолор саясатта, дипломатияда өтө көп. Ушунун баарын колдонуш керек. Биз мындай сунуштарыбызды тышкы иштер министрлигине бердик.  

Мезгил Ньюс     

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *