Турсунбай Бакир уулу президентке кайрылып, чек ара чырын чечүүгө тең ата болуп сүйлөшөйүн деди

Мезгил

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу президенке кайрылуу жолдоп, анда чека ара маселесин чечүүдө тең ата болуп сүйлөшүүгө уруксат берүүсүн суранган. Кайрылуу төмөнкүчө жазылган.

Кыргызстандын Баткен облусундагы чек араларыбызда кайра-кайра болуп жаткан атышуулар, жаңжалдар боюнча «ЭрК» партиясынын Кыргыз Жумуриятынын Президенти С.Жээнбеков мырзага

Коопсуздук жана чек ара маселеси өлкөнүн түштугүндө эң курч болуп жатат. Жылуу жерде жатып алып эле ордундан козголгусу келбей жаткандарга айта турган сөзүм: Баткен, Лейлек да, Ош менен Жалал-Абат да жалпы мекенибиз. Аларсыз Кыргызстан деген мамлекет жок! 20 жыл мурда ИДУ нун можахеддери Кыргызстандын түштүгүнө кол салганда «сакалчандар келип жатат!» деп алыскы Нарын менен Таластын да тургундарынын жүрөктөрү түшкөн. А бүгүн болсо Лейлекте атышуу болуп жатат деп өлкөнүн ал жагына кайдыгер, кош-коңүлдүү болуу – кечирилигис чыккынчылык!

1999 жылы мамлекетибиздин биримдиги, бүтүндүгү, элибиздин коопсуздугу, тынч жашоосу учун деп өлкөбүздүн эң артта калган аймагын Баткен областы деп түзүшкөн.

Бүгүн ар бири өзүнүн колотун эмес, а жалпы мекенин ойлонуусу абзел! Бара-бара Түштүктү алдырып жиберсек – өлкөбүздү алдырып жибергенге барабар болуп калат. Өлкөбүздун Түндүк жагында көп эле жерлерибизди коңшу өлкөлөргө алдырып жибергенбиз. Эми жер таратуу жарманкени жаппайлыбы?! Анан мамлекети жок элдер сыяктуу бечаара болуп жүрүүдөн Аллахым Өзү элибизди сактасын!

Урматтуу ажо, туп туура 20 жыл мурда ажобуздун берген ыйгарым укуктарын негизинде Ооганстан менен Тажикстанга чейин барып сүйлөшүүлөрдүн негизинде Баткен согушунун токтотулуушуна, ИДУ нун можахеддери кыргыз жергесинен чыгып кетүүсүнө жана туткундагы генералыбыз баш болгон жоокерлерибиздин жана Жапониянын жарандарынын эсен-аман бошоп келүүсүнө Аллахымдын буйругу менен себепкер болгонмун.

Азыр деле ошондой ыйгарым укуктарды Сизден сураймын, урматтуу Шарип уулу Сооронбай! Кыргызстандын атынан коңшулар менен чек ара маселесин жана чек арада жашап жаткан элдердин тынч жашоосун чечүүдө тең ата болуп сүйлөшөйүн. Мекенди сүйүү ыймандан. Аллахымдын буйругу жана Сиздин чечимиңиз менен мекенчилдигимди иш жүзүндө далилдегени даярдыгымды Сизге билдиремин.

«ЭрК» партиясынын лидери,

Кыргызстандын Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчиси,

Мамлекеттик кызматтын 1 класстагы мамлекеттик кенешчи

Турсунбай Бакир уулу.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *