Турсунбек Акун: Агроном Сегизбаев менен Жолдубаевага укуктук жана саясий жактан баа берилиши керек

Мезгил

Мыйзамсыз буюртманы аткарып, кылмыш иштерин ачкан тергөөчүлөр, көзөмөл жүргүзгөн прокурорлор, ишти караган соттор – баары жоопко тартылууга тийиш. Бул тууралуу укук коргоочу Турсунбек Акун билдирди.

Мурдагы акыйкатчынын айтымында өч алуу максатында, саясый буйрутма менен кылмыш иштерин ачкан тергөөчүлөр, көзөмөл жүргүзгөн прокурорлор, ишти караган соттор – баары жоопко тартылууга тийиш.

– Алмазбек Атамбаевди сындаганы үчүн жасалма далилдердин негизинде айрым саясатчыларга кылмыш ишин ачкан жана сот өкүмдөрүн чыгарган тараптардын жоопкерчилигин кароо зарыл. Саясий өңүттө кылмыш иштерин ачып, өч алуу максатында буюртма берген жагдайлар аныкталышы керек. Мыйзамсыз буюртманы аткарып, кылмыш иштерин ачкан тергөөчүлөр, көзөмөл жүргүзгөн прокурорлор, ишти караган соттор – баары жоопко тартылууга тийиш.

Ошол эле кезде УКМКнын төрагасы, кесиби агроном жана пиар адиси Абдил Сегизбаев менен прокуратура органдарында мурда бир күн да иштебеген Индира Жолдубаеванын кылган иштерине укуктук жана саясий жактан баа берилиши учурдун талабы-деди Турсунбек Акун.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *