Турсунбек Акун: Ким канча пайызды ала алса, ошону каалап жатышат

   Мезгил

Шайлоо босогосун ылдыйлаталы деген демилгечилердин катарына бири-бирин жактырбаган, учурунда бири-биринин изин баспаган, бири-бирине окшобогон саясатчылар топтолду. Башкача айтканда, алар бирин-бири эл көзүнчө мазактап, биринин-бири абийирин төгүшчү. Азыр алар биригип жатканына таңгалып жатам деген пикирин Турсунбек Акун ЖМКга билдирген. Ошондой эле ал:

“Ошондой демилге көтөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан Бакыт Төрөбаев мезгилинде 9 пайызды биринчилерден болуп колдогон. Ал кезде Төрөбаевдин абалы жакшы болчу. Бабановго кошулуп, “премьер болом” деп шылдың боло элек мезгили болчу. “9 пайыздан жөн эле өтүп кетем”- деп ойлогон. Атамбаевден кечирим сурап, аброю төгүлгөндөн кийин айласы кетип, “4-5 пайыз болсун. 9 деп жаңылып атыптырмын”- деп катачылыгын мойнуна алып жатат.

Мадумаров да мурунку шайлоолордо өтө албай калгандыгы үчүн азыраак босоголук пайызды каалап жатат.

Сариев, Текебаевдер 3 пайызды сөз кыла башташты. Баарынан кызыгы, ким канча пайызды алалса, ошону каалап жатышат. Саясатчылардын, партия лидерлеринин шайлоону утурлай чогулганы жакшы жышаан эмес. Анткени, булар кандай жол менен болсо да депутат болууну максат кылып жатышат. Партиялык системаны шылтоолоп, эптеп пайызын азайтып алса, партлидерлер мандат сатып, капчыгын акчага толтурууну көздөп жатышат.

Биз акча менен маселе чечкендерден арылалы, деңгээли төмөн депутаттарды жок кылалы, кадыр-баркы жогору, 15-20 кишинин ичинен суурулуп чыккан, элдин колдоосуна татыган күчтүү депутаттар келе турган система куралы деп жатабыз. Антпесек коалицияга кирдик деген шылтоо менен майлуу-сүттүү кызматтарды кой, майда кызматтарга чейин бөлүп алганды адат кылып алышты. Дал ошондуктан, кандай шайлоо системасы болоорун бир ууч саясатчылар эмес, эл чечсин!”, – деген.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *