Турусбек Коёналиев: Кой Таштагы окуя боюнча Атамбаевге баа бериш оор болуп жатат

Мезгил

Бүгүн Кой-Таштагы окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны өтүп жатат.

  Жыйында 7-8-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө болгон окуя боюнча УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, президенттин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Турусбек Коёналиев маалымат берүүдө. 

Анда “мамлекеттик орган официалдуу түрдө чакыруу берип, тергөө органдарына чакырса, ким болбосун келүүгө милдеттүүбү, же милдеттүү эмеспи?” деген суроого Турусбек Коёналиев бул суроого жооп берүү оор болуп жатканын айтты.

“Мен 11 айдан бери суракка келип жүрөм.  Кайсы иш боюнча болсо дагы келип атам. Бул эми Алмаз Шаршеновичтин позициясы ага мен баа беришим бир топ оор болотго. Себеби мен ал кишинин кол астында 8 жылдай иштеп жүрдүм”-деди ал.

Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомдук саясий ишмерлер, эксперттер кирген.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *