Тянь-Шань тоосунун чокуларынын бирине Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылды

Мезгил

Кыргызстандагы тоо чокуларынын бирине Турдакун Усубалиевдин ысымы берилди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 20-октябрда Жаштар иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев башында турган кыргызстандык альпинисттер Кыргыз Ала-Тоосунун борборундагы («Салык» мөңгүсүнүн жанындагы) бийиктиги 4 миң 650 метрге жеткен мурда аты жок болуп келген чокуга чыгып, ал жерге Турдакун Усубалиевдин ысымы жазылган тактаны орнотушту. Бул иш-чара Кыргыз ССР Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында уюштурулду.

Экспедицияга команданын жетекчиси катары Жаштар иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, альпинисттер Михаил Даничкин, Андрей Алинов, Виктор Филинов жана дарыгер Асель Байбагышева катышты.

Кошумчалай кетсек, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен аталган командага 45 миң сом бөлүнгөн.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *