Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев алгачкы сапарын Россиядан баштады

  Мезгил

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2020-жылдын 22-октябрында иш сапар менен Россияга барды.   Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, иш сапардын жүрүшүндө министр Казакбаев Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, ошондой эле Россия Федерациясынын башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен жолугушуусу күтүүлүдө.

Алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий-соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле эки тараптуу кызыкчылыкты көздөгөн көп тараптуу өз ара аракеттенүү маселелериндеги кыргыз-орус кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелерди кароо пландаштырылууда.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *