Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Евробиримдиктин өкүлүнөн акчалай колдоо сурады

Мезгил

Кечээ, 19-октябрда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен телефон аркылуу сүйлөшту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

   Маалыматка ылайык,  Казакбаев менен Буриан Кыргызстандагы акыркы саясий абал тууралуу талкуулашты. Казакбаев өлкөдө бардык процесстер саясий нукка түшкөнүн, Кыргызстандын бардык органдары легитимдүү болгонун жана бардык бардык ведомстволор штаттык режимде иштеп жатканын белгилеген.

 Ошондой эле министр Казакбаев жакында шайлоо өтө турганын да айткан. Мындан сырткары өлкөнүн бюджетине акчалай колдоо көрсөтүүнү жана кыргыз-европа тараптарынын ортосунда каржылык келишимдер боюнча сүйлөшүүлөрду уюштуруп берүүнү өтүнгөн.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *