Тышкы иштер министри  Тажикстан тарапка нота тапшырды

      Мезгил

Тышкы иштер министри  Тажикстан тарапка нааразычылык билдирүү нотасын тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиршти. 

Маалыматка ылайык, 9-январдан 10-январга  караган түнү Мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде болгон жаңжалга байланыштуу Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Тажикстан жарандары тарабынан ок атуучу курал колдонулгандыгына, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын автотранспорттук каражаттарына таш ыргытылгандыгына байланыштуу тынчсыздануу билдирилди.

Мындан тышкары, Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Ага тажик жарандарынын мамлекеттик чек арадагы абалды туруксуздандырууга алып келүүчү уланып жаткан деструктивдүү жана чагымчыл аракеттерине  байланыштуу нааразычылык билдирүү нотасы тапшырылды.

Тажикстандын жарандары тарабынан мындай аракеттерди болтурбоого көңүл бурулду жана абалды мындан ары күчөтпөө максатында кечиктирилгис чараларды кабыл алуу жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу талабы билдирилди.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *