Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Каптагаев президент менен жолугушуу учурунда эмнелер тууралуу сөз болгонун айтты

   Мезгил

14-сентябрда  убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаева, Дүйшөнкул Чотонов, Эмилбек Каптагаев, Темир Сариев, Иса Өмүркулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп бир катар меселелер тууралуу сүйлөшүштү.

  Эмилбек Каптагаев президент менен жолугушууда  эмнелер тууралу сөз болгонун өзүнүн интернеттеги баракчасына жазды.

-Кечээги  жолугушууда Президент Сооронбай Жээнбековдун кен байлыктарга карата, аларды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча, лицензия берүүнү тартипке салуу боюнча пикирлери жакты, колдоого арзыйт… Анын “Кыргызкөмүр” жана “Кыргызалтын” ишканалары баардык кен казылып жаткан жерлерде үлүшкө ээ болуп, мамлекеттик кызыкчылыктарды камсыз кыла ала тургандай ыйгарым укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү болууга тийиш деген пикирин кантип колдобой коюуга болот.

 Бул ойду ишке ашыруу механизми катары мурда жеке ишкерлерге, менчик ишканаларга же чет элдик инвесторлого берилип жеткен кен байлыктардагы үлүш аталган эки акционердик коомдун акцияларына алмаштырылууга тийиш деп эсептейт экен Сооронбай Шарипович. Жөн эле зордукка салып тартып алуу керек деген чакырыктарга караганда бул таза рыноктук жол, мыйзамдуу жол. Мисалы, “Кыргызкөмүр” ишканасынын акциялары көмүр казып иштеп жаткан ишканалардын үлүшүнө айырбашталат, тиги ишканалар “Кыргызкөмүр” ишканасында үлүшкө ээ болуп калышат, ал эми “Кыргызкөмүр” болсо алардан үлүшкө ээ болот.

Ошондо көмүр жана алтын кендеринин баарында (башка кен байлыктарда деле) мамлекеттик үлүш бар болуп калат. Учурунда (1995-жылы) алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүгө мамлекеттик монополияны жана көзөмөлдү кайра калыбына келтирүү үчүн ушу механизм колдонулган, “Кыргызалко” ишканасын түзүү жана жеке менчик арак жана спирт заводдорунда мамлекеттин үлүшүн камсыз кылуу үчүн сунуш кылынган. Ошол сунушту даярдап, ага тиешелүү укук-ченем актыларынын долбоорлорун даярдаган Өкмөттүн жумушчу тобуна мен жетекчилик кылган элем- деди Каптагаев.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *