Убара болуп чыкпагыла! Дем алыш күндөрү коомдук транспорттор токтойт

   Мезгил

Бишкек шаардык мэрия эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу  ишемби  жекшемби  күндөрү коомдук транспорттордун ишине чектөө киргизет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

 Автобустар, троллейбустар, жеке кичи автобустар, ошондой эле уюштурулган такси кызматтары дем алыш күндөрү иштебейт. Бул чечим борбор калаадагы эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин сакталат.

-Убара болуп дем алыш күндөрү Бишкекке келбей эле коюңуздар. Инфекция транспорттон жугуп жатат деген шек саноо бар. Мындан тышкары дүйшөмбү күндөрү “Дордой” базарынан башка бардык базарлар жабылат”, – деди Түлөбаев.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *