Учактагы “кара куту” деген эмне жана ал кандай болот?

   Мезгил

Бүгүн 8-январда Иранда Украинанын учагы кырсыкка кабылып ичиндеги 180 жүргүнчүнүн баары каза болду. Деги эле учак авиакырсыкка кабылган учурда Эл аралык авиациялык комитеттин (ЭАК) адистери авиациялык кырсыктын себептерин аныктоо үчүн учактын кутучаларынын маалыматтарын тийиштүү иликтөөдөн өткөрүшөт.

Сиздагы буга чейин “кара ящик” дегенди угуп жүрдүңүз беле.  Бүгүн биз  болсо “кара ящик” деген эмне экени жана анда кандай маалыматтар сакталары тууралуу маалымат берүүнү чечтик.

“Кара ящик” деген эмне жана кандай болот?

“Кара ящик” аты айтып тургандай кара түстө болбойт. Ал көбүнчө кочкул жана кызыл түстө болуп, борттогу жазгыч деп аталат. Ачык түстө болгондугунун себеби учак кырсыкка учураганда аны табуу оңой болуусуна байланыштуу. Түзүлүшү шар же цилиндр түрүндө болот.

Эмнеге “кара ящик” деп аталып калган?

Учактагы жазгычтар эмнеге “кара ящик” деп аталып калганы боюнча бир нече жоромолдор бар. Мисалы, экинчи дүйнөлүк согуш учурунда аскердик учактарга алгачкы электрондук жабдууларды орното башташкан. Алар чындыгында эле ящикке окшош болуп, өңү да кара болчу. Дагы бир жоромол боюнча согушка чейин эле жазгычтарды учакка орнотууда фотопленка колдонулчу, ошондуктан куту жарыкты өткөрбөөсү керек болчу. Жарандык учактарга “кара ящиктерди” 1960-жылдан баштап орното башташкан.

Ящикте эмне болот?

Жазгыч флеш- эсте туткуч микросхемалардан, контроллерден туруп, ноутбуктун SSD-дискинен айырмасы жок болот. Флеш-эсте туткучтун колдонулуп баштаганына аз эле болду. Ал эми эски учактарда лентага магниттик жазуу колдонулуп келген. Мунун баары сыртынан титан менен корголот.

Маалыматтар канчага сакталат?

Стандартка ылайык, учак канчалык бийиктен куласа дагы, маалыматтар сакталып калуусу керек. Учак күйгөн учурда 30 мүнөт, ал эми 6 чакырым тереңдикте 1 айга сакталат. “Кара ящиктерге” ультрадобуштук маяктар орнотулган жана ал сууга түшкөн учурда андан чыккан белги аркылуу борттогу жазгычты табууга мүмкүн. Сыртында сөзсүз түрдө Flight Recorder. Do not open» деген жазуу болот. Айрым учурларда бул жазуу француз жана башка тилдерде болот.

“Кара ящик” учактын кайсы жагына жайгаштырылат?

Учакта “кара ящиктер” арты бөлүгүнө жайгаштырылат. Себеби учак кулаган учурда дал ушул бөлүгү аз жабыркайт. Борттогу жазгычтар учакта бир нече болот. Эгерде алардын бирин табуу мүмкүн болбой калса, же андагы маалыматтарды окуу кыйындаса, анда башкасындагы маалыматты алуу мүмкүнчүлүгү болуусу шарт.

“Кара ящиктин” кандай түрлөрү бар?

“Кара ящиктин” 2 түрү бар. Алардын биринчиси экипаждын мүчөлөрүнүн сүйлөшкөн сөздөрүн жана айланадагы болгон үндөрдү жазып калат. Ал эми экинчиси ар кандай жабдуулардан келген маалыматтарды жазып калат. Анда учак кайсы жерде болгонун, канчалык ылдамдыкта болгонун, кыймылдаткычтардын ар бир кыймылына чейин жазылып калат. Жазуу 17-25 саатка чейин жүргүзүлөт. Ошондуктан учак кайда учпасын андагы маалыматты алууга болот.

“Кара ящиктеги” маалыматтар кантип чечмеленет?

Чындыгында “кара ящиктеги” маалыматтарды чечмелөө деген бул болбогон нерсе. Анткени маалыматтар эч кандай чечмелөөгө тийиштүү эмес. Бул журналист диктофонго маекти жаздырып, аны кайра кагазга түшүргөндөй эле көрүнүш. Эгерде учактын кыйраганы тууралуу маалыматты коомчулукка чыгарбоо керек болсо же кандайдыр бир саясий себеби бар болсо, анда айрым учурларда маалыматтарды окууга мүмкүн болбой калганын айтып коюшат.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *