Учурда коронавирустан айыккандардын саны 370ке жетти

   Мезгил

Кыргызстанда дагы 25 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Коронавирустан 25 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 10, Нарын облусу – 6, Жалал-Абад облусу – 6, Ош облусу – 1, Ош шаары – 2 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 370ке жетти”, – деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда  коронавирус жуктурган учурлардын саны 682ге жетти. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *