Ухань шаарынан 18 кыргызстандык алынып келинди

  Мезгил

      Ухань шаарынан 18 кыргызстандык атайын борт менен алынып келинди. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо министринен билдиришти.

 Маалым болгондой, кечээ 2-февралда Кытайдын Ухань шаарынан 18 кыргызстандык жаран атайын борт менен Нур-Султан шаарына, андан соң Бишкекке алынып келинди.  

Маалыматка ылайык, аларды алып келүүгө казак тарап көмөктөштү.

Келгендердин баардыгы тиешелүү текшерүүдөн өткөрүлүп, Бишкектин четиндеги атайын даярдалган инфекциялык ооруканага жаткырылды.

Оорукана инфекциялык коопсуздукту камсыздаган атайын лабороториялык жана дарылоочу каражаттар менен жабдылган. Карантин убагында алар менен атайын дарыгерлер гана иш алып барат.

Белгилей кетсек, буга чейин жалпысынан Кытайдан 28-29-январда 42 киши келген.  Анын 24ү кыргызстандык болсо, 18и Кытайдын жарандары.

Учурда дүйнө жүзүндө коронавирус катталган өлкөлөр 27ге жетти. Ал эми Коронавирустан каза болгондордун саны 361 ди түзсө, жуктургандардын саны 17 миңге чамалады.   

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *