Уйгур жигитим мени коркутуп жатат

   Мезгил

   Мен эки жыл мурун бир уйгур бала менен сүйлөшкөм.  Ата-энем каршы болушкан. Элдин баары эле каршы боло беришчү. “Жакшынакай эле башка балдар аркаңдан чуркайт, ошолор менен сүйлөшпөйсүңбү” – деп айтышчу. Бирок көзүмдү май басып, катуу сүйдүм.  Анын кылган мамилесинен ооруп баштап,  молдого бардым. 

Молдо: “сени окутуп алыптыр”- деди. Ал мага Дуа окуду. Мамилеси мага жаман болуп, кол көтөрө баштаган.  Анан баары кийлигишип, сүйлөшпөйсүңөр деп чечилген.  Мен да андан тажап, күндө ыйлачу болдум. Сүйлөшпөйм десем, ал бала :”жок, эгер сен бирөө  менен сүйлөшсөң, мен сенин жашооңду бузам да, ким сага келбесин, баарын кетирем, кааласам сени өлтүрөм, сага келген балдарды да өлтүрөм” – деп коркутчу. 

1,5 жыл бою үйүмдүн түбүнө келип кайтарып, аңдып,  бирөө менен таанышсам бузуп, досторума жаман сөздөрдү айтып , ала качам деп айтып келген. Мен айткам ала качсаң да отурбайм, мени жөн кой деп. Жакында үйлөнүптүр. Үйлөнгөндөн кийин да менин аркаман жаман сөздөрдү айтып, бузуп жатат. Арыз жазган болбойт экен, милицияга акча берип, ого бетер өчөшүп алат го. Эмне кылсам болот, бул ушинте берсе, мен кантип жашайм? Эшке чыга албай калдым, балдар менен таанышкандан корком. Деги эле өлгүм келип атат.

  Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *