УКМК: Айеркен Саймаити “Азаттыктын” журналисттерине 100 миң доллар төлөгөн

  Мезгил

Айеркен Саймаити “Азаттыктын” журналисттерине 100 миң доллар төлөгөн. Бул тууралуу бүгүн 2-июнда Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын отурумунда УКМКнын өкүлү Сагынбек Самидин уулу билдирди.

Анын айтымында, Айеркен Саймаити “Азаттыктын” журналисттерин жалдап, аларга 100 миң төлөгөнү тууралуу факттар бар. Анын билдиргени боюнча, ал факттар эки күбөдөн алынган.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште уйгур тектүү КЭР жараны Айеркен Саймаитинин Стамбулда өлүмүнө байланышкан окуяны иликтөө боюнча комиссия түзүлгөн.

Эскерте кетсек, Айеркен Саймаити 10-ноябрь күнү Стамбулда өлтүрүлгөн. Саймаитини кафеде отурган кезде атып кетишкен.  

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *