УКМК өкмөттү жамандаган интернет колдонуучуну кармады

 Мезгил

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы аймак аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактардын активдүү колдонуучусун кармады. Бул тууралуу атаган комитеттин басма сөз кызматынан  билдиришти.

 Маалым болгондой, кармалган жаран жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында жайылтып, массалык нааразылык актыларын уюштурууга үндөгөн. Натыйжада ал колдонуучулар арасында бири-бирин жек көрүүнү, аймактар аралык касташууну жараткан.

Колго түшкөн адамга Жазык кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту («Аймак аралык касташууну козутуу») боюнча кылмышка шектүү экени билдирилген. Ал УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Атайын кызматтын билдирүүсүндө кармалган киши кайсы социалдык тармактын колдонуучусу экени айтылган эмес.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *