УКМК мурдагы башкы консул Эркин Сопоковду кармады

   Мезгил

Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

 Маалым болгондой,  ал 28-ноябрда суракка чакырылып, камакка алынганды. Эркин Сопоков Стамбулда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу колго түшкөн. 

Белгилей кетсек,  Кыргызстанда ишкерлик менен алектенген Саймаитини 10-ноябрда кафеде отурган маалда белгисиз киши атып кеткен. Ал өлтүрүлгөн жерде токтоп турган «Range Rover» үлгүсүндөгү жолтандабас Эркин Сопоковго таандык экени, автоунаага тагылган дипломатиялык номер консулдуктун каттоосунда болгону ачыкка чыккан. 11-ноябрда Сопоков кызматтан бошотулган.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *